Күндүзгү тери үчүн коргоочу каражат. Жеңил, бирок күчтүү таасирге ээ бул крем пептиддер жана полинуклеотид менен байытылып, териге дароо серпилгичтик сезимин берип, терең нымдандырат жана оксидативдик стрессинен коргойт. Терини жылмакай, бапестелип баккандай түр берет жана макияжга ылайыктуу абалга келтирет.
- «Инъекциясыз тартуу натыйжасы». Dipeptide Diaminobutyroyl Benzylamide Diacetate жана Acetyl Hexapeptide-3/8 пептиддериDмимикалык булчуңдарды бошоңдотуп, бырыштарды тегиздөөгө жардам берет.
- Серпилгичтик жана тыгыздык. Copper Tripeptide‑1 жана Sodium DNA теринин табигый жаңылануу процесстерин ишке киргизип, анын каркас структурасын бекемдейт.
- Антиоксиданттык коргоо жана фотокартайуудан коргоо. Жүзүмдүн сыгындысы (ресвератрол жана полифенолдор), Е витамини жана майлар топтому (аргана, авокадо, бадам, ши, жожоба), курамында майда эрий турган А, Е, D витамини‑антиоксиданттарга бай келип, терини эркин радикалдардан жана айлана‑чөйрөнүн терс таасирлеринен коргойт.
- Терең нымдандыруу жана ыңгайлуулук. Аргана, авокадо, ши, бадам жана жожоба майларынан турган майлар топтому териде нымды кармап туруучу тосмо жаратып, ал эми алоэ вера гели терини ичинен нымдоого көмөктөшөт. Курам бөлүктөрдүн айкалышуусу теринин түлөгөнүн жана нымдын жетишсиздигин жок кылып, аны кайрадан кам көрүлгөн, тыкан көрүнүшкө келтирет.
Dipeptide Diaminobutyroyl Benzylamide Diacetate (жыландын уусундагы пептиддин синтетикалык аналогу) мимикалык булчуңдарды ботулотоксин сыяктуу бошоңдотот (бирок ийне сайбастан жана системалык таасирсиз). Жүздөгү бырыштардын тереңдигин азайтып, жаңыларынын пайда болушун алдын алат.
Copper Tripeptide-1 - сигналдык пептид. Коллаген, эластин жана гликозаминогликандардын (мисалы, гиалурон кычкылы) бөлүнүп чыгышын тездетет. Теринин айыгуу жана жаңылануу процесстерин тездетет. Теринин калыбына келүүсүн жана жаңыртылышын тездик менен жакшыртат.
Acetyl Hexapeptide-3/8 - пептид ботулотоксинге окшош таасирге ээ пептид. Нерв импульстарынын булчуңдарга өтүүсүн бөгөттөп, алардын чыңалуусун жазат. Таасири: мимикалык бырыштардын көрүнүшүн азайтуу.
Полинуклеотид (Sodium DNA): лосось балыгынын сүттөрүнөн алынат. Күчтүү калыбына келтирүүчү жана жаңылануучу касиетке ээ. Коллаген өндүрүүчү фибробласттардын бөлүнүп чыгышына өбөлгө түзөт, клеткаларды жабыркоодон коргойт, күчтүү нымдай турган таасир берет.
Жүзүмдүн сыгындысы ресвератролго жана полифенолдорго бай күчтүү антиоксидант. Ультра көгүлтүр нурлануудан жана айлана-чөйрөнүн булганышынан жаралган эркин радикалдардан терини коргойт.
Алоэ вера гели - классикалык тынчтандыруучу, сезгенүүгө каршы жана нымдоочу курам бөлүк. Витаминдерге, аминокычкылдарга жана полисахариддерге бай.
Авокадо майы - A, D, E витаминдерине, май кычкылдарына жана лецитинге бай. Териге эң сонун сиңет, липиддик тосмону азыктандырат жана калыбына келтирет.
Арган майы - Е витамини, антиоксиданттар жана каныкпаган май кычкылдарынын булагы. Терини калыбына келтирет жана коргойт.
Бадам майы - жеңил, комедогенсиз май, Е жана А витаминдерине, майлуу кычкылдарга бай. Жумшартуучу жана тынчтандыруучу касиеттерге ээ.
Бисаболол - ромашканын жигердүү курам бөлүгү. Күчтүү сезгенүүгө каршы, антибактериалдык жана тынчтандыруучу касиетке ээ.
Е витамини (токоферол) - майда эрий турган антиоксидант, клетка мембраналарын эркин радикалдардын айынан бузулушунан коргойт.
Aqua, Glycerin, Glyceryl Stearate, Isopropyl Palmitate, Simmondsia Chinensis Seed Oil, Butylene Glycol, Cetearyl Alcohol, Butyrospermum Parkii Oil, Isopentyldiol, Dipeptide Diaminobutyroyl Benzylamide Diacetate, Copper Tripeptide-1, Acetyl Hexapeptide-3/8, Polysorbate-20, Sodium Polyacrylate, Hydrogenated Polydecene, Trideceth-6, Sodium DNA, Propylene Glycol, Polysorbate 80, Sodium Lauroyl Glutamate, Sodium Stearoyl Lactylate, Vitis Vinifera Seed Extract, Aloe Barbadensis Leaf Juice, Persea Gratissima Oil, Argania Spinosa Kernel Oil, Prunus Amygdalus Dulcis Oil, Bisabolol, Tocopheryl Acetate, Xantan Gum, Phenoxyethanol, Ethylhexylglycerin, 1,2-Hexanediol, Potassium Sorbate, Sodium Benzoate, Citric Acid, Parfum.
Күн сайын эртең менен тазалоодон жана тониктен кийин. Бетке жана моюнга жеңил укалоо кыймылдары менен сүйкөңүз (1-2 жолу).