Муздатуучу массаж аппликатору менен абдан натыйжалуу кам көрүү. Пептиддер жана полинуклеотид (Sodium DNA) камтылган жеңил формула эң назик аймактагы картаюу белгилерине багытталган күрөш жүргүзүп, мимикалык бырыштардын көрүнүшүн азайтат, терини нымдайт, шишигендикти басат жана дароо сергиткен сезим тартуулайт. Натыйжада, бажырайган, эс алган жана жалжылдаган көз караш.
- Так-даана таасир. Пептиддик топтом жана полинуклеотид (Sodium DNA) мимикалык бырыштар жана теринин ийкемдүүлүгү жоголгон аймакта максаттуу түрдө иштейт.
- Заматта сергектик натыйжасы. Муздатуучу аппликатор (муздаткычта сактоого болот) шишигендикти жана бөлтөк болуп калган жерлерди азайтууга жардам берет.
- Гигиеналык укалоо. Темир ролигинин аркасында туура өлчөп, терини тартпастан, жеңил лимфодренаждык укалоону камсыздайт.
- Терең нымдандыруу Гиалурон кычкылы жана кызыл балырдын сыгындысы жабышкак кылбай, узакка созулган нымдуулукту берет. Курам бөлүктөрмикроайланууну жакшыртып, эркин радикалдардан коргоого көмөктөшөт.
- Калыбына келтирүү жана тынчтандыруу Бисаболол жана пантенол көздүн айланасындагы назик терини тынчтандырып, калыбына келтирет
Dipeptide Diaminobutyroyl Benzylamide Diacetate (Жасалма пептид, жылан уусундагы пептиддин аналогу) бет булчуңдарынын чыңалуусун ботулотоксин сыяктуу жаздырат (инъекциясыз жана системалык таасирсиз). Жүздөгү бырыштардын тереңдигин азайтып, жаңыларынын пайда болушун алдын алат.
Copper Tripeptide-1 - сигналдык пептид. Коллагендин, эластиндин жана гликозаминогликандардын (мисалы, гиалурон кычкылынын) бөлүнүп чыгышына түрткү берет. Теринин калыбына келүүсүн жана жаңыртылышын тездик менен жакшыртат.
Acetyl Hexapeptide-3/8 - ботокстой таасир берген пептид. Нерв импульстарынын булчуңдарга өтүүсүн бөгөттөп, алардын чыңалуусун жазат. Таасири: мимикалык бырыштардын көрүнүшүн азайтуу.
Полинуклеотид (Sodium DNA): лосось балыгынын сүтүнөн алынат. Күчтүү калыбына келтирүүчү жана жаңылануучу касиетке ээ. Коллаген өндүрүүчү фибробласттардын бөлүнүп чыгышына өбөлгө түзөт, клеткаларды жабыркоодон коргойт, күчтүү нымдай турган таасир берет.
Гидроксиэтилмочевина - заманбап, өтө натыйжалуу нымдоочу курам бөлүк. Кадимки мочевинадан жакшыраак иштейт, териде сууну мыкты байлап, аны жылмакай жана ийкемдүү кылат.
Кызыл балыр - микроциркуляцияны жакшыртат, эркин радикалдардан коргойт, коллаген жана эластиндин бөлүнүп чыгышына өбөлгө түзөт, терини нымдайт.
Азиат центелла сыгындысы - коллаген синтезин, капиллярлардын өсүшүн жана май тканынын трофикасын жакшыртат, теринин чыңалуусун жогорулатат.
Алоэ вера гели - классикалык тынчтандыруучу, сезгенүүгө каршы жана нымдоочу курам бөлүк. Витаминдерге, аминокычкылдарга жана полисахариддерге бай.
Авокадо майы - A, D, E витаминдерине, май кычкылдарына жана лецитинге бай. Териге жакшы сиңип, липиддик тосмо катмарды калыбына келтирет.
Арган майы - Е витамини, антиоксиданттар жана каныкпаган май кычкылдарынын булагы. Терини калыбына келтирет жана коргойт.
Бадам майы - жеңил, комедогенсиз май, Е жана А витаминдерине, майлуу кычкылдарга бай. Жумшартуучу жана тынчтандыруучу касиеттерге ээ
Бисаболол - ромашканын жигердүү курам бөлүгү. Күчтүү сезгенүүгө каршы, антибактериалдык жана тынчтандыруучу касиетке ээ.
Е витамини (токоферол) - майда эрий турган антиоксидант, клетка мембраналарын эркин радикалдардын айынан бузулушунан коргойт.
Aqua, Glycerin, Isopentyldiol, Caprylic/Capric Triglyceride, Glyceryl Stearate, Butylene Glycol, Cetearyl Alcohol, Dipeptide Diaminobutyroyl Benzylamide Diacetate, Copper Tripeptide-1, Acetyl Hexapeptide-3/8, Sodium Polyacrylate, Hydrogenated Polydecene, Trideceth-6, Sodium DNA, Propylene Glycol, Polysorbate 80, Palmaria Palmate Extract, Sodium Lauroyl Glutamate, Sodium Stearoyl Lactylate, Centella Asiatica Leaf Extract, Vitis Vinifera Seed Extract, Panthenol, Aloe Barbadensis Leaf Juice, Persea Gratissima Oil, Argania Spinosa Kernel Oil, Prunus Amygdalus Dulcis Oil, Bisabolol, Tocopheryl Acetate, Xantan Gum, Sodium Hyaluronate, Parfum, Phenoxyethanol, Benzyl Alcohol, Ethylhexylglycerin, 1,2-Hexanediol, Potassium Sorbate, Sodium Benzoate, Citric Acid.
Эртең менен жана кечинде. Кремди аппликатордун жардамы менен (ар бир аймакка «күрүч даны» көлөмүндө) сүйкөп, орбиталык сөөк боюнча көздүн айланасына жеңил чапкылагандай кыймылдар менен таратыңыз. Сергитүүчү таасирин күчөтүү үчүн, идишин муздаткычта сактаңыз.